www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу өткөн жумада мас болуп алып машина айдап, МАИ кызматкерлерине кармалган. Натыйжада баш бербей качып, бирок кармалып, машинасы айып төлөөчү жайга киргизилгенин маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Жол коопсуздук кыймылын тейлеген инспекторлорго баш бербей эдирендеп жаткан депутатжурналистгер барганда артын карабай качып кетүүгө үлгүргөн. Трибунадан кооз сүйлөп акылдуусунган депутат, мага ичип алып айдай берсе болот деп ойлосо керек.
Анан да «кыз боозуп энесин коркутат» дегендей, мандатына таянып чокчоңдоп коркуткусу келгени кызык. Айткандай, өзүнүн партиялаштары «Лөлү» деген кличка коюп алышканы жөн жеринен эмес окшойт. Инспекторлорго да ошол адатын карматса керек...
Булак: "Фабула"