www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабановдун балакайы депутат болду

Эки жарым жыл ичинде эки гана жолу суйлөгөн «Республика - Ата-Журт» фракциясынын эми экс-депутаты Фархад Иминовдун ордуна, бир кезде аким болуп иштеп турганда Баткенге боевитер басып киргенде барымтасына түшүп, кийин «Ар-Намыстан» депутат болуп, андан кийин вице-премьер болгон Абдырахман Маматалиевдин уулу Марлен депутат болуп келди.

Атасы депутат болуп турганда кыргыздын желеги жөнүндө гана маселени кайра-кайра көтөр берчү эле, уулу атасынын деңгээлинен көтөрүлө алабы?  

Бабановдун жаңы «балакайы» буга чейин анын "Азиямол" атту маркетин жетектеп келгенин ага чейин ар кайсы депутатты "мандатыңды тапшырбайсыңбы" кыязында арбап келгенин уктук.

А бирок жаңыы, жаш депутат  канчалык активдүү болбосун, партиясы алты жолу оодарылган унаанын каркасындай калдырап калбадыбы. Анан да, жалгыз дарактын бак болушу кыйын эмеспи...

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости