www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эл оозунда элек жок", бирок "шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, өкмөттүн экс-аппарат башчысы Нурханбек Момуналиевдин кызматтан кетиши ТЭЦтеги коррупцияга барып такалат деген кабар желдей тарады.

ТЭЦти оңдоо иштерине катышкан фирма анын апасынын атына катталып, бул кыңыр иштен Момуналиев 20 миллион сом жеген деген такталбаган маалымат тарады.

Эми анын чын-бышыгын тергөө иликтейт дечи, бирок имиштер барып-барып чынга айланчу эле... Момуналиевди кызматтан алуу шылтоосу менен өкмөт башчы Сапар Исаков аппарат жетекчисинин орун басарын, бөлүм башчыларын иштен айдап, каалайбы-каалабайбы, "өкмөттө кадрдык кризис" деген сөзгө себеп болду. Ал арада Өкмөттүн ичи уу-дуу "премьер балашка" Сооронбай Жээнбековдун кадрларынан кутулуп жатат деген сөз күч алды. 

Булак: "Фабула"

Последние новости