www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырган чечимин чыгарды.

Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Соттун чечимине караганда, Бекмурзаева 8-ноябрга чейин №1 тергөө абагында болот.

Акинай Бекмурзаева 11-июнда Бишкекте кармалган, сот аны эки айга чейин абакта калтырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бекмурзаевага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу” деген беренелеринин негизинде айып тагылганын билдирген.

Баштапкы эсептөө боюнча, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлдү.

"Ихсан" турак жай кооперативинен үй ала албай, акчасын кайтара албай калганын айткандар нааразылык акцияларын уюштуруп келет.

Кооперативдин айрым өкүлдөрү камакка алынган Акинай Бекмурзаеванын күнөөсү жок экенин айтып, анын бошотулушун талап кылып акция өткөрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg    

Последние новости