www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүүдө. Бул жолку Оюндар мурункуларынан да шаан-шөкөт менен өткөрүшөөрү кабарланууда. Ошого жараша чыгымдар да көп сарпталышы мүмкүн.
Пландар боюнча Кырчын жайлоосунда быйыл 1000 боз үй тигилет. Этно шаарча 3 бөлүктөн турат – Хан Ордо, чет элдик конокторду тейлөөчү Этно үйлөр жана сынактар жана этнобазарлар үчүн жайлар.
Ачылышына 1,5 миң, жабылышына 300 адам катышат. Мурунку Оюндарда жалгыз экран болсо, азыркысында экрандарды жети жерге орнотушат.
12 миң манасчы катышат, күн сайын 100дөй маданий-массалык иш-чаралар, сынактар өткөрүлөт. Жабылышына чет элдик жылдыздар чакырылат. Алардын аттарын азырынча ачыкташпайт, бирок Стивен Сигал сөзсүз катышат. Буга чейин Жеки Чандын көп акча сурап жатканы, айрым жылдыздардын баш тартып жатышканы тууралуу маалыматтар чыккан.
2016-жылдагы Оюндарда автоуналардын тыгыны чоң көйгөй жараткан. Көйгөйдүн себеби унаа жолдун эки тараптуу болчу. Азыр жолду бир тараптуу кылып Семенов капчыгайынан кирип, Григорьев капчыгайынан чыгып кете турган кылып жасашкан. Унаа токтотуучу жайга деп 40 гектарда жер тилкеси бөлүнгөн.
Бирок, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун өткөрүлүшү кыргыз коомчулугунда талаш-тартышты да жаратып келет. Аны колдогондордон тышкары анын эки жылда бир өткөрүлүшүн казынага оорчулук келтирет деп жактырбагандар да бар. Ал эми бизнес коомчулук болсо бул иш-чаранын шылтоосу менен аларды акча чогултууга мажбурлашаарын айтып келет. Өкмөт ар бир Оюндарда колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен республикадагы ири бизнестерге кайрылып келатканы маалым. Бизнестеги бейформал сөздөргө караганда, алар бул “өтүнүчтү” милдеттүү салык катары кабыл алууга мажбур. Антпесе, кийин бийлик, фискалдык органдар менен көйгөйлөр жаралышы мүмкүн деп коркушат. Маселен бир жеке ишкер социалдык тармактарда өз оюн мындайча бөлүшкөн: “Саламаттык сактоо министрлиги баардык медициналык фирмаларды чакырып алып, Көчмөндөр оюнуна жардам бергиле, биз Өкмөттүн катын эле берип жатабыз, силерге эч кандай таңулоо жок дешти. Эми бербей койсок бизге өгөй балдарга кылган мамиле жасашат,берели десек кризис. Рекламный пакет алгыла дейт. Пакет канча турат десек 10 миң доллардан 700 миң долларга чейин дейт. Жети күндүк иш-чарага ушунча акчабы, Дүйнөлүк чемпионатка теңеп коюшту го. Ушул уюштуруу комитетине таң каласың,кичине ойлонуп иш кылышпайбы” – дейт. Буга окшогон нааразылыктар көп айтылууда.
Булак: NazarNews.kg