www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бакиев режими кулагандан кийин Калыкбек Султанов «Ата Мекен» партиясын каржылап, бийлик короосуна кирүү менен министр болгону эсибизде. Убакыттын өтүшү менен Өмүрбек Текебаев оппозицияга оогондо Султанов президенттин аппаратына өтө качып, Алмазбек Атамбаевге кеңешчи болгон.
Учурда шефин чанып, Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамына айлана албай, чоң кызмат да буюрбай, эки анжы ойдо чайналууда.
Дал ушул Калыкбек 2010-жылдан бери Бишкек шаарындагы жерлерди ченебей алганы, «Авангард Стиль» курулуш компаниясын гүлдөткөнү баарына белгилүү.
Эмне үчүн тергөө органдары мындай шектүү адамдын өткөн чагына кызыгып көрбөйт? Кыргызстандагы кыска аралыкта байып кеткен олигархтардын сап башында Калыкбек Султанов турганын унутууга болбойт да. (2010-жылдан бери бул эргул бизнесте жүрүп байыса бир жөн эле, тескерисинче, жол транспорт министри, президенттин кеңешчиси, ж.б. кызматтарды аркалап, мультимиллионер болгону калппы?)
Булак: "Азия Ньюс"