www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомун натыйжалуу ишке ашыруу, “Бирдиктүү терезе” негизинде лицензиялоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында айрым облустарда Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылган. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын 29-октябрында Чүй облустук ИИББнын имаратында “Бирдиктүү терезе” негизинде иштөөчү МККБсы ачылган, ал жерде төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

-Жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында соттолгондугу же соттолгон эместиги тууралуу маалымкаттарды берүү;

-Апостилдөө кызмат көрсөтүү;

-Кооптуу жүк ташыган транспорттук каражаттарды коштоо;

-Автоунаа каражаттарына коопту жүк ташууга уруксат берүү;

-Жарандык жана кызматтык курал алууга, коопту жардыруучу материалдарды жана пиротехникалык жасалгалоолорду алууга лицензия үчүн иш-кагаздарды берүү жана кабыл алуу.

Ошондой эле, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Талас, Каракол шаарларында ушундай “Бирдиктүү терезе” негизинде иштеген Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборлору ачылган.

Мындан тышкары, жакынкы арада Республикабыздын аймагында ИИОнун “Бирдиктүү терезе” негизинде иштеген МККБ кошумча 20 пункту ачылат.

2020-жылдын 2-жарым жылдыгында Нарын облусунун Жумгал районунун ИИБда, Талас облусунун Талас райондук ИИБда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондук ИИБда, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Чоң-Алай райондук ИИБда, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы, Чаткал жана Тогуз-Торо райондук ИИБда 13 кошумча Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору ачылат. Азыркы учурда, “Бирдиктүү терезе” негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча 7 пункту (Ат-Башы, Тоң, Жети-Өгүз, Манас, Өзгөн, Сүлүктү, Таш-Көмүр) “Е-арыз” тутумуна кошулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости