www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жылы коронавирус пандемиясынын айынан мусулмандар Сауд Арабиясына ажылыкка бара алышпайт. Бул тууралуу Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра иштери боюнча министрлигине шилтеме берүү менен «РИА Новости» маалымдады.

"Коронавирустук пандемияга байланыштуу Мусулман календары боюнча 1441-жылы (христиан календары боюнча 2020-жылы) ажылык сапарына өлкө ичиндеги ар кандай улуттардан куралган аз сандагы зыяратчылар гана катыша алат", - деди министрлик.

Азыркы тапта Меккенин аймагында коронавируска чалдыккандардын көптүгүнөн дагы деле эркин жүрүүгө болбойт.

Эске сала кетсек, Сауд Арабиясы араб мамлекеттеринин арасында коронавирус жуктургандардын саны боюнча биринчи орунда турат. Өлкөдө 161 миңден ашык адам илдетке чалдыккан. Бир нече жумадан бери мамлекетте бир сутка ичинде ооруну жуктургандардын саны үч миңден азайбай жатат. Пандемиянын башынан бери 1307 адам көз жумуп, 105 миң бейтап ооруну жеңип чыгышкан.

Быйылкы жылы өлкөбүздөн ажылык сапарга 6110 адам бараары күтүлүп жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости