www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореядан, Жапониядан жана Филппинден кыргызстандыктар Бишкекке кайтышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 19 киши келди.

"Жарандарыбыз Токио, Манила шаарларынан Сеулга кадимки каттамдар аркылуу, андан ары Алматыга чартердик каттам менен "Air Astana" авиакомпаниясынын учагы менен келишти. Бишкекке атайын автоунаада жеткирилди", - деп кабарлады министрлик.

Алардын баары медициналык кароодон өтүүдө.

COVID-19 пандемиясынан улам март айында Кыргызстан эл аралык жана ички авиакаттамдарды токтоткон. Июндун башынан тартып күнүнө үч маал Бишкек-Ош-Бишкек багытында учак уча баштады.

Чет элдеги кыргызстандыктар күн алыс өкмөт уюштурган чартердик каттамдар аркылуу мекенине келип жатышат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости