www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде кишини уурдап, 950 миң сом талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 43 жаштагы А.Х. аттуу тургуну уюлдук телефонуна белгисиз номерден чалуу келип, аны чакырганын, ал аталган жерге барганда аны Тойота-Камри үлгүсүндөгү автоунаага коркутуп олтургузуп, ээн талаага алып барышып, чоң өлчөмдөгү акча сураганын билдирип милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне “адам уурдоо” беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ал эми арыздануучу А.Х.нын денесинен алган жараатын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. Бул боюнча тергөө иштеринин жүрүшүндө арыздануучуну 3-4 бейтааныш адам телефон аркылуу байланышып, чакырышып, аны коркутуп, уруп ээн талаага алып барып 950 000сом акча каражатын таап койбосо өлтүрүп кетерин эскерткени белгилүү болгон.

Кадамжай РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында автоунаалар аныкталып, кылмышка шектүү жарандар Кызыл-Кыя шаарынан кармалып келинди. 

Алар Чүй облусунун Беловодское айылынын тургуну 34 жаштагы А.К., Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 44 жаштагы И.К., Кызыл-Кыя шаарынын 34 жаштагы мурда соттолгон М.А. аттуу тургуну жана Үч-Коргон айылынын 50 жаштагы Р.А.лар убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости