www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 5-6-март айларына чейинки аралыгында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук кызматында Колбашчы тарабынан бекитилген негизги иш чаралардын негизинде аскер бөлүктөрүндө аялдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 5-мартында 702 аскер бөлүгүнүн спорттук залында Бишкек гарнизонунун аскер бөлүгүндөгү аскер аялдар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр сыйланды.

2020-жылдын 6-март күнү аскерлер колбашчылыгынын клубунда аскер айымдардын катышуусунда салтанаттуу чогулуш болуп, куттуктоолор  документалдуу кинонун коштоосунда башталды. 

Аскер айымдарын келе жаткан майрамы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын Колбашчысы, полковник Исламбек Кенжекулов куттуктады. Залдагы баардык катышуучуларга кайрылып, ал өлкөнүн коомдук жана маданий турмушунда, аскер бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүндө  аялдын ролун өзгөчө белгилеп, салтанаттуу шартта  погончон айымдарга түзүмдүк медалдарды, Ардак грамоталарды, баалуу белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. 

Салтанаттуу иш-чара 702 аскер бөлүгүнүн чыгармачыл тобунун жана аскер оркестринин, атамекендик ырчылардын коштоосунда  өттү.

Булак: NazarNews.kg
     

Последние новости