www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков Фейсбуктагы өздүк баракчасына жаркыраган жаздын биринчи күндөрүндөгү сезимдери жана 42 жаш курагы менен коштошуп жаткандыгы жөнүндө ой-толгоосун жазып чыкты. 

"Кечээ эле кыш болчу. Тиричилик тизгинин жазга оңойлук менен бербечүдөй буркан-шаркан түшүп аткан. Зампарлаган кар жер бүткөндүн баарын басып, ошол бойдон түбөлүк орун-очок алып калчудай күпүлдөп жааган. Балким, өмүрдүн кырк экинчи кышы менен коштошкум келдиби, же тек гана буюккан буурул кыштын керемет сулуулугуна суктандымбы, айтор, жумушумдан Баялинов китепканасына чейин жөө басып барып, табияттын татынакай көз ирмемдерин фотого түшүргөн элем.

Бүгүн – жаздын биринчи күнү. Ошол кыш ызгаарынын кыпын белгиси жок. Заматта теребел жайдарыланып, кардан бошонгон кара жерди жашыл тукаба жаап калды. Өмүр ушундай тез өтчү, тез өзгөрчү жалган сүрөт белем. Иши кылып, жашоонун дагы бир кышы артта калды. Эриген кар менен кошо өткөн өкүт-армандар, кайгы-капалыктар, таарынычтар көңүлдөн жуулуп кетсин, ылайым. Жашыл жазды жакшы маанайда, жаркын тилектер менен жүрөктү, дилди тазалап тосолу. Күн менен кошо дил жылысын, сөздөр, ортодогу мамилелер жаркылдасын. Байчечек менен кошо эргүүлөр, асыл жана аруу сезимдер бажырайсын.

Аманчылык болсо жаз да заматта өтөт. Бүрдүн да, байчечектин да доору бүтөт. Бирок, жазда жасалган амал, кылынган эмгек калат аркада. Убакыт бошко кетпесин. Эртең артыбызга кылчайганда өз колубуздан, адал мээнетибизден жана алп аракетибизден калган ийги издерди көрүп кыбабыз канып, көңүлүбүз кубансын. Ар бир кыргыз жараны, жок дегенде жетиден бак отургузалы. Бак менен кошо, балким, элибиз, жерибиз, өзүбүз, келечегибиз үчүн бакыт үрөнүн себебиз.

Кыялда жашап келген арзуу-тилектердин аткарылышы үчүн алгачкы кадамдар жасалган, башталып бирок ара жолдо арасат калган мыкты жумуштар ийгилик коштоп аягына чыккан, урушкандар жарашып, бузулгандар оңолгон берекелүү убак болсун – ушул жаз", - дейт орун басар Нуржигит Кадырбеков.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости