www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 4-марттан баштап Кытай, Түштүк Корея жана Ирандан келген жарандар 14 күнгө карантинге алынды. Бул тууралуу казак басылмалары билидрүүдө.

Маалыматка ылайык, 5-мартта 15:30 да  Сеул-алматы рейси менен 197 адам келген. Алардын 97си транзиттик жүргүнчү (Кыргызстан-23, Өзбекстан-37, РФ-16, Украина-18, Түштүк Корея-2, Тажикстан-1). Кыргызстан өзүнүн жарандары үчүн автобус дайындап берди жана полициянын коштоосу менен автобус 21 жүргүнчүсү менен Кыргыз Республикасына жөнөтүлдү. Алматынын медициналык мекемесине 100 адам жеткирилди. Алардын төртөөсү жаш балдар. Карантинге алынгандардын баары медиктердин карамагында.

Маалым болгондой, каратин учурунда (14күн) жеринен кетүүгө уруксат берилбейт. Режимди бузгандарга административдик жаза колдонулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости