www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноорузда ойноло турчу көк бөрү турнири өтпөй калды

Коронавирустан улам Ноорузда ойноло турчу көк бөрү турнири өтпөй турган болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Алардын билдиргенине караганда,  коронавирус кооптуулугунан улам ушундай чечим кабыл алынган. Буга байланыштуу 9-10-мартка белгиленген Алыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Ал эми жыл сайын Нооруз майрамында боло турчу ат оюндары, анын ичинде көк бөрү боюнча республикалык турнир өткөрүлбөй турган болду.

Эске сала кетсек, 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкектин борборунда митинг жана тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салган. Мунун себебин коронавирустун жайылуусун алдын алуу менен түшүндүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости