www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир нече тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан "бийликти күч менен басып алуу" беренеси көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатат.

"14-сентябрь күнү кылмышты жасоого шектүү катары Курсан Асанов кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан сырткары сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катары бир нече Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматчылар суракка алынган. Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости