www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдыда келе жаткан май айындагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу (1-майдан 10-майга чейин), балдар көп убактыларын көчөдө өткөрүшөт. Андай учурда чоңдордун тынымсыз көзөмөлү зарыл. Андыктан ИИМ ата-энелерди жашы жете электердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ата-энелер үчүн негизги сунуштар:
-Балдарды кароосуз калтырбаңыз. Кыска убакытка дагы. Айрыкча бул кичинекей балдарга жана кенже класстын окуучуларына тиешелүү.
- Баланын кайда экенин көзөмөлдөңүз. Кайда жана ким менен жүргөнүн билиңиз, үйгө кайтуу убактысын сүйлөшүп алыңыз.
- Жол коопсуздук эрежелерин түшүндүрүңүз. Балдарга жолду белгиленген жерлерден гана кесип өтүү керектигин жана жолдо этият болуу зарылдыгын эскертиңиз.
-Кооптуу буюмдарды колдонууну чектеңиз. Ширеңке, зажигалка, тиричилик химиясы, дары-дармектер балдар жетпеген жерде болушу керек.
-Бейтааныш адамдар жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүңүз. Бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүгө болбой турганын, алардан белектерди албоо керектигин же кайдадыр кетпөө керектигин түшүндүрүңүз.
-Интернеттеги коопсуздук. Балаңыз кайсы сайттарга кирерин, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде ким менен сүйлөшөрүн көзөмөлдөңүз.
- Суу сактагычтарда жана жаратылышта көзөмөл. Балдардын суу жээгинде чоңдордун коштоосу жок болуусуна жол бербеңиз, жаратылышта өзүн алып жүрүү эрежелерин түшүндүрүңүз.
"Урматтуу ата-энелер! Сиздердин көңүл бурууңуздар жана коопсуздук эрежелерин өз убагында түшүндүрүүңүздөр кырсыктардын алдын алат.
ИИМ жарандарды сак болууга жана балдардын коопсуздугуна кайдыгер карабоого чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.