www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 23-мартында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан азыркы учурда жайылып жаткан коронавирус илдетин алдын алуу максатында, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка жана Октябрь айылдык милициянын бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлерине коомдук тартипти көзөмөлгө алуу менен калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн тескемелер өткөрүлүп, кызматкерлер бет каптар менен камсыз кылынып, иш-чараларды өткөрүү боюнча нускамалар жана көрсөтмөлөр берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Аламүдүн РИИБнин Маевка жана Октябрь Айылдык милиция бөлүмчөлөрүндө жалпысынан 21-маршурут тилкеси түзүлүп 43 кызматкерлер, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана коомдук активисттер менен биргеликте Маевка, Пригородный, Нижний-Аларача, Степной, Озерный, Октябрь, Виноградный, Васильевка, Бирлик, Гроздь жана Константиновка айылдарын көчөмө көчө кыдырып жогоруда аталган айылдардын тургундарына коронавирус илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Ошондой эле ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабына Милициянын көчмө кабылдамасынын автоунаасы менен ушул аталган айылдардын жана Бишкек шаарынын аймактарында үндү катуу чыгаруучу байланыш менен өлкөбүздүн аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгендигин жана өзгөчө кырдаалдын шартарын ар бир жаран толук аткаруу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өттү.

Ушундай эле иш-чаралар ИИМдин кызматкерлери тарабынан республиканын башка аймактарында Милициянын көчмө кабылдамасы бар район жана шаарларда дагы жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетчүү нерсе республиканын аймагында бардыгы болуп 30 Милициянын көчмө кабылдамасы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости