www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө абал: Сот имараттарына кирүүгө чектөө коюлду

Кыргызстандын сот органдары өзгөчө абал шартында кадимки тартипте иштей берет. Бул тууралуу Жогорку сот кабарлады.

"Бул максатта сот залдарына жараяндын катышуучулары гана киргизилет. Жарандарды кабыл алуу, жолугушуулар жана башка иш-чаралардын баары токтотулат. Соттолуучулардын жакындарын, журналисттерди жана башка угуучуларды киргизүүгө чектөө коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле журналисттерге керектүү маалымат соттордун басма сөз кызматтары аркылуу берилип турары айтылды.

Кыргызстанда коронавирустун айынан айрым аймактарда 25-марттан тартып өзгчө абал киргизилип жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыктарга 24-мартта кол койду. Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, бул жарлыктарды толук колдоп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости