www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядагы Эльвира Аманова аттуу кыргыз жараны президентке, өкмөткө, дегеле кыргыз журтуна кайрылуу жасады.

Анын кайрылуусу төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

"Жалпы кыргызстандык кекендештериме, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине.

Кайрылуу:

Азыр бүткүл дүйнө жүзү боюнча эң чоң көйгөйгө айланган коронавирус оорусу, тактап айтканда COVID-2019 жүрүп жатат.

Бул ооруга көңүл кош  мамиле жасаган Италияда эле бир суткада 500гө жакын киши бул оорудан өтүп кетип жатат. Алардын көбү жашы боюнча 60тан ашкандар. Австрия, Италия, Болгария жана башкалар. Тилекке каршы биздин экономикабыз төмөн, медицинабыз алсыз өкмөт Европадай ишкерлерине жардам бере албайт. Ооруну кучөтүп ийгенге шарт түзбөйлү элим.

Жана ошол эле маалда кыргыз элиме кайрылаар элем, дүрбөлөң кылбай, өзүбүз дагы чара көрүп, бала-бакыраны карайлы үйдөн чыкпайлы, азык тулук дүкөндөрү иштеп жатат бир аз убакытта ачка калбастырбыз. Карантиндин мөөнөтү бүткүчө сактайлы эрежесин. Кыргызстанда  коронавирус оорусу  аныкталып, жуктургандардын  саны 47 адамга жетти деп жатышат , Саламаттык сактоо министирлиги берип жаткан сунуштарды аткарып, көп чогулуштарды азайтсак, жөнү жок көчөлөргө баспасак.

Бийлик өкүлдөрүнө кайрылаар элем президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке биринчи кезекте чек арада кызмат кылгандарга, медициналык кызматкерлерге көңүл бөлүп, каражат бөлүп берип, айлыгын эки-үч эсе көтөрүп, керектүү техникаларды берип, коопсуздугуна дагы көңүл бөлсө.

Бүт дүйнө жүзү бул оору менен күрөшүп жатат. Кыргыз журтубуз мындай оор заманда бир үй-бүлөдөй, бир туугандай болуп биригели. Башыбыздан мындан жаман экинчи дүйнөлүк жана Ата-Мекендик согуштарды деле өткөргөнбүз. Бирок бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып келгенбиз. Ынтымак менен жеңели, башчыларыбызды угалы .

Бийлик дагы жардам бере алчу жарандарыбызды чогултуп көмөк көрсөтүшү керек. Тез чара көрбөсө элдин чыгымы көбөйүп жатат. Бул дүйнөлүк ооруга баарыбыз бирдикте  бирге туралы деп  кайрылат элем.

Аман-эсен болуңуздар элим, журтум. Мен сиздерге алыста болсом дагы ысык саламымды айтам.

Элиме аман-эсенчилик, бекем ден-соолук, ынтымак, кайраттуулук, туруктуулук жана бакубат жашоо каалап, сиздерди урматтоо менен  кызыңар  Эльвира  Аманова"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости