www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизат тараткан деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, учурда милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Чүй жана Бишкекте баңгизаттарды сатууну уюштурууга шектелген 39 жаштагы С.Т. аттуу жаран кармалган.

«Анын «Toyota» унаасынан баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ал зат кочкул күрөң түстөгү нашаа экендиги аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ИИМдин маалыматы боюнча, аталган шектүү ритуалдык ырым-жырымдарды жасап, алдоо жолу менен жарандардын мүлкүн ээлеп алган. Айрым учурда көздөгөн максатына жетүү үчүн жарандарды коркутууга алган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

ИИМ шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0312 266 261 же 0703 204 080 номери аркылуу кабар берүүсүн суранат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости