www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине эркинен ажыратуу жайында жайгашуучу «Б» аттуу жаран туруктуу кылмыштуу топту уюштуруп, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенет деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факт КЖБРга катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында “Б” аттуу жаран ЖАМКнын түзөтүүчү мекемелеринин биринде мөөнөтүн өтөп жаткан, 1993-жылы туулган А. уулу К. экендиги аныкталган.

А. уулу К. конфиденттер менен уюлдук телефон менен сүйлөшүп, баңги каражаттар байланышсыз жол менен, аларга белгилүү бир жерге коюлуп, анан берилерин көрсөткөн.

24-ноябрда түнчүндө атайын тергөө аракеттеринин натыйжасында, Кетмен-Добо айылында шартталган жерде өсүмдүк табиятындагы кара куурай өзгөчө жыттанган каптагы заттар табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар 4 кг 545 грамм жалпы салмакты түзүүчү марихуана баңгизаты болгон.

Андан ары өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 25-ноябрда саат 9.40тар чамасында Кара-Көл шаарынан 30 000 сом акча каражатын алуу учурунда, Жалал-Абад облусунун тургуну, 1993-жылы туулган Т. уулу А. кармалган.

Ошондой эле, бул кылмышка тиешеси бар ЖАМКнын башка мекемелеринин биринде мөөнөтүн өтөп жаткан, 1985-жылы туулган Ж.Р. аныкталган.

Мөөнөттөрүн өтөп жаткан экоо тең узак убакытка соттолгондор. Азыркы учурда жашыруун жайды уюштуруучу жана бул кылмышка тиешеси бар жактарга карата, ошондой эле баңги каражаттарды мыйзамсыз өстүрүүчү жерди аныктоо боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости