www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” аба майданы коррупциянын символу болуп калган объекттердин бири. Мындай пикирин белгилүү журналист Айданбек Акматов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

“Манастагы" карөзгөйлүк...

“Өлкөдөгү “Манас” аба майданы коррупциянын символу болуп калган объекттердин бири. Акаев, Бакиев доорунда АКШнын аскерий учактарына авиакеросин сатуу бизнеси коррупция менен чырмалышып гүлдөгөн.

Атамбаев доорунда базанын чыгышы менен акчанын, коррупциянын масштабы төмөндөдү. Бирок токтободу. Авиакеросин, бажыдагы контрабанда, Манастан учкан, Манаска конгон тажик, өзбек жарандарынан акча өндүрүү сыяктуу нерселер күч алып турду.

“Манас” аба майданындагы мына ушундай терс көрүнүштөргө акыркы кезде Россияга карай учкан кыргыз жарандарынан пара алуу өнөкөтү кошулду. Пандемияны, Россия киргизгизген айрым чектөөлөрдү шылтоолоп эмгек миграциясына бараткан жаштар мекенинен чыгаарда абдан тонолуп, коррупциянын азуусуна 20-30 миң сомдон берип чыкканы тууралуу сөздөр көбөйдү.

Мисалга, жакында эле 20 жаштагы эки жигит (мен таанып-билген балдар) Россиянын бир шаарына эмгек миграциясына учуп кетишти. Билетти 30 миң сомдон алышкан. “Манастан” аба майданынан учакка отуруу үчүн 20 миң сомдон пара беришкени мага маалым болду.

Москвада иштеп жаткан бир досум “баламды Москвага учуруш керек, аэропортто пара алып гана учуруп жатышат экен, Москвага конгондорду эмнеге келдиң деп сурап койгон жан жок, болгону Кыргызстанда гана парасын алып араң учуруп жатышыптыр” деп арызданат...

Бул эмне деген карөзгөйлүк?!

Бийлик Кыргызстанда жаштарга жумуш бере албайт!

Жумуш издеп кетип жаткан жаштардын терисин сыйрып алат!”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости