www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери коронавирус илдетинин алдын алуу багытында бир топ жумуштарды алып барууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

"Санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп, район аймагына жөнү жок кирип-чыгууларды болтурбоо үчүн кызматкерлер күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Ар бир унаа, ар бир атуул тыкыр көзөмөлгө алынып, себепсиз көчөгө чыккандар артка кайтарылып жатат. Маанилүү жумуштары менен бараткандардын унаалары дезинфекцияланып өткөрүлүүдө.

Ошондой эле, алыскы тоолуу аймактарга чейин барышып, азыркы кырдаал тууралуу маалыматтар жеткирилүүдө. Беткабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилип, жеке гигиена эрежелерин сактоо менен жугуштуу илдеттин алдын алууга чакырышууда. Жергиликтүү тургундарга жөнү жок көчөгө чыкпай, муктаждык жаралган учурларда ооруканага, дарыканага, азык-түлүк үчүн дүкөндөргө барууга боло тургандыгы айтылууда", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости