www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга чет элдик адистердин келип иштешине уруксат берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан өкмөттүн 17-апрелдеги №135-б буйругунун негизинде маалымдашты.

"Бул чечим бир катар чет элдик ишкана, компаниялар менен иш жүргүзгөн мекемелер чет элдик адистердин квотанын негизинде келбей калгандыгынан улам жумушун улантууда кыйынчылыктарга туш болуп жатканы менен байланыштуу. Тактап айтканда, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, өндүрүш, курулуш, энергетика, геочалгындоо, тоо-кен казуу жана жол куруу тармактарына чет элдик адистер керек болуп жаткан.

Белгилей кетүүчү жагдай, чет элден келген адистер кайсы компания чакырса, ошол компаниянын эсебинен обсервациядан өтөт. Алар өлкөнүн Саламаттыкты сактоо тармагы белгилеген бардык эрежелерден өтүшөт", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости