www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мангыстау облусунун полиция бөлүмүнүн кызматкерлери Актауда коронавирус менен жабыркаган киши менен сойкулардын түз байланышын жашырышкан. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти, - деп билдирет казак басылмалары.

"Мангыстау облусунун департаменти облустун прокуратурасы менен биргеликте Актау шаарынын аймагында сойкулук үчүн сойкукана тармагын уюштурууда чет элдик жарандарды колдогон Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин токтотту.

Облустун аймагындагы карантинге карабастан, полиция сойкуканалардын мыйзамсыз ишин токтотуу боюнча чараларды көрбөй, алардын мыйзамсыз иштерин колдоп келишкен. Алар коронавирус инфекциясын жуктурган адамдын сойкулук менен алектенген чет өлкөлүк жарандар менен түздөн-түз байланышуу фактысын жашырышкан”, - деди Коррупцияга каршы агенттигинин Аппарат жетекчиси Куаныш Жапаков.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паракорчулук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, уюштуруу, сойкулук менен алектенүү үчүн сойкукана кармоо, ошондой эле адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген жагдайлар жөнүндө маалыматты жашыруу боюнча сотко чейинки тергөө ишин жүргүзөт.

"87 адам, анын ичинде эки чет өлкөлүк жаран коронавирустук инфекциясы менен сойкулук үчүн кармалгандар изоляцияланды",-деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости