www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия коронавируска каршы вакцинаны каалоочуларга сынай баштайт. Буга Пауль Эрлих атындагы биомедициналык каражаттар жана вакцина институту уруксат берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, вакцинаны Майнц шаарындагы “BioNTech” компаниясы ойлоп тапкан. Алгачкы изилдөө сыноосуна болжол менен 200дөй каалоочу катышат. Вакцина  алгач клеткада, анан жаныбарларда натыйжалуугун көрсөтүшү керек, андан кийин гана адамдарга изилденет. Изилдөө үч этаптан турат. Адистер “BioNTech” компаниясынын дарысынын алдын ала келечеги бар деп баалап жатышат. Препарат “Pfizer” фармацевтик корпорациясы менен бирге чыгарылууда. Бул компаниялардын сасык тумоого каршы эмдөө жаатында бирге иштеген тажрыйбасы бар.

Германиялык вакцина мРНК категориясына кирет. Бул вирустардын генетикалык кодунан турган препараттардын тибине кошулат. Организмде адамдын клеткасынын күчү менен вирустук белоктордун пайда болушуна алып келет. Ал белоктор иммунитет чакырат. Мындай вакциналар салыштырмалуу арзан жана тез өндүрүлө турганы менен өтө маанилүү. Бирок мРНК вакцинасын дүйнө жүзүндө клиникалык колдонууга расмий уруксат берилген эмес.

Эске сала кетсек, буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жалпы дүйнө жүзү боюнча 20дай вакцина иштелип чыгып жатканын кабарлаган. Ошол учурда адамдарга алгачкы сыноо АКШ менен Кытайда башталганы белгилүү болгон. Ал эми Россия алты вакцинаны сынап жатканын маалымдаган. Ошондой болсо дагы адистер коронавирустун вакцинасын жапырт колдонуу 2021-жылдын башына туура келет деп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости