www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Мерседес-Бенц унаасы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 46 жаштагы аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 22-апрель күнү саат 17:00 чамасында Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Мерседес-Бенц унаасын 25 жаштагы Б.Б. аттуу айдоочу айдап бара жаткан. Ал жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 1974-жылы туулган М.А. аттуу аялды сүзгөн. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, жабырлануучу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат мааылматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости