www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум, кыргыздын ак таңдай акынын «Клооптун» мурдагы фрилансери Марат Абдыкалыковдун айткандары боюнча редакция билдирүүсүн таратты.

--Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде соңку сутка ичинде «Клооптун» журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү жана мурдагы фрилансери Марат Абдыкалыковду сындаган бир топ посттор пайда болду.

Колдонуучуларды Мараттын фейсбуктагы посту нааразы кылган. Анда ал төкмө акын Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында карантинге карабастан адамдардын көп чогулганын белгилеп, бир топ суроолорду жазган. Бул жерде Мараттын «умер какой-то известный чувак» деп жазганы, чынында, маселе жаратат.

Ошондон бери фейсбукта Мараттын, анын ичинде «Клооптун» кызматкерлеринин сүрөттөрү кошулган посттор жарыяланууда.

Буга байланыштуу болуп аткан жагдайлардын бардыгы боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз:

— Марат Абдыкалыков чындап эле «Клооптун» журналистика метебин бүтүрүп, бизде фрилансер болгон. Бирок ал эч качан биздин басылманын штаттык кызматкери болгон эмес жана азыркы учурда биз аны менен кызматташпайбыз.

— «Клооптун» редакциясы Мараттын төкмө акын жана манасчы Элмирбек Иманалиевди мүнөздөгөн сөздөрүн орунсуз деп эсептейбиз.

— Мараттын айткандары жана кайра видео жооп кайтарганы бизге да жаккан жок. Бирок, ошол эле кезде, кандай гана жагымсыз угулбасын адам өз пикирин айта алат деп эсептейбиз.

— Ошентсе да, Маратты онлайн кодулоону баштабоого чакырабыз. Бул эч нерсеге алып келбейт. Биздин оюбузча Кыргызстандагы кыргыз тилдүү жана орус тилдүү жарандардын ортосундагы түшүнбөстүктү жоюу мындан да маанилүүрөөк. Бул абдан ыңгайсыз тема жана ал жөнүндө көп сөз кылынбайт, бирок эртедир-кечтир бул теманы көтөрүп чыгууга туура келет. Биз Кыргызстандын орус тилдүү тургундарынын көпчүлүгү кыргыз тилдүү маданиятты жакшы түшүнбөсүн жана кандай сөздөр ыза кылаарын же кемсинтээрин билбей турушкандарын билебиз.

— Андыктан биз бул түшүнбөстүктүн туңгуюгун жоюу үчүн өз салымыбызды кошкубуз келет. «Клооп» өзүнүн кыргыз тилдүү барагында кыргыз тарыхына жана кыргыз маданиятына дайыма көңүл бурууга аракет кылат. «Клооптун» сайтынан бир эле «манасчы» деген сөздү издөө ондогон макалалар топтомун чыгарып берет.

— Эгерде сиз «Клооп» кыргыз тарыхынын жана маданиятынын кайсы бир эң маанилүү көрүнүштөрүнө көңүл бурбай, көз жаздымда калтырып жатат деп эсептесеңиз, ойлоруңуз менен комментарий калтырып бөлүшүңүз. Биз ал тууралуу материал даярдоого даярбыз жана кубанычта болобуз. Албетте мунун баары Кыргызстандын орус тилдүү аудиториясына да жеткирилет, деп билдирди аталган редакция.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости