www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чуй областынын аймагына өзгөчө кырдаал тартиби киргенден бери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өздүк курамы жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук коопуздукту сактоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Облус аймагында санитардык- карантиндик жана фильтирациондук посттору орнотулуп, бул жерлерде Жайыл, Панфилов райондорунун жана Кара-Балта шаарынын жол көзөмөлчүлөрү күнү-түнү дебей өзгөчө кырдаалдар, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, жарандык кошуундар менен бирге коронавирус илдетине каршы текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Илдеттин жайылышына жана анын кесепеттерин алдын алуу максатында Жайыл жана Панфилов райондорунун аймагында 6 фильтрациондук жана 1 санитардык-карантиндик пост уюштурулган. Бул постордо жол кыймылынын коопсуздугу, коомдук коопсуздук менен бирге унаалардын жана жарандардын кыймылынын жөндүүлүгүн текшерип, элге керектүү азык-түлүк, медикамент шаймандарын ташыган унаалардын токтоосуз каттамын көзөмөлгө алышууда.

Өзгөчө кырдаал тартиби киргенден бери курамдын күчү менен жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 164 айдоочуга бузуулар тууралуу протокол түзүлдү. Анын ичинен 7 айдоочу спирт ичимдигин ичип унаа башкарса, 9 унааны тиешелүү документтери жок башкаргандыгы үчүн түзүлгөн. Ар кандай жол эрежелерин бузган үчүн 25 унаа атаын коюлуучу жайга киргизилген. Токтоло кетчү дагы бир жагдай жол кырсыктарынын саны үч эсе кыскарышы.

Чүй облусунун ИИББы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кыймылын эрежелерин жана өзгөчө кырдаал тартибинин талаптарын так сактоого чакырат жана жоопкерчилик тууралуу эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости