www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Айыл Банк” ачык акционерлер коому үч күн бою аялын сабаган деп шектелип жаткан Таалай Сыдыковду өз арызынын негизинде “Айыл Банктын” директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотуу тууралуу чечим кабыл алышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтына таянсак, 2020-жылдын 10-апрелинде Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Н.С. аттуу жаран күйөөсү Т.С.га карата чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган. Анда күйөөсү мас абалында аны үч күндөн бери сабап, үйдөн кууп чыккандыгын билдирген. Кылмышка шектүү өткөн дем алыш күндөрү борбордук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бишкек шаарынын комендантынын билдирүүсү боюнча, 12-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Т. С. убактылуу кармоочу жайдан, камактан бошотулган.
Белгилей кетсек, 40 жаштагы Таалай Сыдыков 2015-жылдан бери КРнын Президентинин Аппаратынын экономикалык анализ бөлүмүндө эксперт болуп иштеген, бирок 2019-жылдын май айында кызматтан бошотулган.
Булак: NazarNews.kg