www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Добуш сатып алуу боюнча 11 факты катталды

Соңку маалыматтарга ылайык саат 19.00гө карата шайлоо маалындагы мыйзам бузуулар боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 21 факты катталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Султан Маликов 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, катталган фактылардын 14ү кылмыштар, жетөө жоруктарга байланыштуу. Негизинен добуш сатып алуу боюнча фактылар көп.

«21 фактынын ичинен 11и добуш сатып алуу боюнча. Калгандары шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу жана майда бейбаштык болуп эсептелет. Бишкек шаарында үч факты, Жалал-Абад менен Ош облустарында бештен, Чүйдө алты факты. Баткен менен Нарын облустарында бирден катталды. Андан тышкары каттоо журналына 74 маалымат катталып ИИМде текшерилип жатат»,- деди Маликов.

Белгилей кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна саат 17.00гө карата 79 арыз түшкөнү жарыяланган.

Добуш берүүлөр ар кандай мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын шайлоочулар билдирип, сүрөт-видеолорду Интернетке жарыялап жатышат.

Ал эми шайлоо 20.00дө аяктады. БШК баштапкы жыйынтыкты 22.00дө чагараарын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости