www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда парламенттик шайлоо аяктады

Өлкөдө добуш берүү аяктап, шайлоо тилкелери жабылды.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 18.00гө карата маалыматы боюнча шайлоого 1 миллион 594 миң 802 адам катышты.

Бул ирет республика боюнча 2 475 добуш берүү учактогу иштесе, чет өлкөдө жашап жүргөн жарандар добуш бериши үчүн 45 шайлоо участогу ачылды.

Аларда 3 миллион 523 миң 532 киши добуш берүүгө укук алган. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктөн, 437 миң жаран шайлоого катыша алган жок.

Эске салсак, бүгүн 4-октябрда кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлады. Кыргыз парламентинде 120 депутаттык мандат бар. Алар үчүн 2 миңдей талапкер 16 саясий партиянын катарында ат салышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости