www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы,  Элчи Пьер фон Аркс менен жолукту. Андан сырткары жолугушууга  ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысынын орун басары Валериу Киверь, Кыргыз Республикасынын ИИМдин УКЭКБнын башчысы, милициянын полковниги Мирлан Карачалов катышышты деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Жолугушуунун  жүрүшүндө Кашкар Джунушалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси  Кыргыз Республикасынын ИИМдин  ишенимдүү, туруктуу өнөктөштөрүнүн алдыңкыларынын бири экендигин белгиледи.

“Сиздер тараптан  ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү көп багыттар боюнча сапаттуу, кеңешме, усулдук жана метериалдык-техникалык колдоолорду көрсөтүп жатканыңарды белгилегим келет” –деп министр Кашкар Джунушалиев билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан программалар менен долбоорлордун алкагындагы кызматташуудагы актуалдуу маселелер талкууланды. Андан сырткары  кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында аймактардагы ички иштер органдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган 2019-жылга карата бир катар бирдиктүү долбоорлорду, перспективдүү программалар менен пландарды ишке ашыруу, калк менен милициянын ортосундагы мамилени жакшыртуу боюнча бирдиктүү иштерди киргизүү маселелери каралды.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы,  Элчи Пьер фон Аркска ыраазычылыгын айтып,  бирдиктүү иштердин ийгиликтүү ишке ашышына ишенимин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости