www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 10-февраль күнү Бишкек шаарынын  Б.Алымов атындагы №39 мектеп-гимназиясынын окуучуларына экстремизмди жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча лекция окулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Лекцияны Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы менен ИИМдин КККнын жашы жете электер арасындагы укук бузууларды алдын алуу борборунун  кызматкерлери окушту.

Лекцияга аталган мектептин жогорку класстарынын 250 окуучулары  катышты. Алар лекциянын жүрүшүндө окуучуларга экстремизм тууралуу кеңири маалымат беришип, аны канткенде алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө боло тургандыгы тууралуу айтып беришти. Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту болтурбоо, ага каршы күрөшүү жана алдын алуу иштери талкууланды. Андан сырткары, окуучуларга суроо-жооп ирээтинде жалпы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери кызыктуу маек куруп беришти.

Тарбиялык жана түшүндүрүү ирээтинде  өткөн лекция атайын видео-роликтерди көрсөтүү менен коштолду.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости