www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызга “таманы көрүнгөн” ойлордон

“Дүйнө алдыга баратат” деди.

Ооба, — дедим мен, — ал дайымкыдай эле алдыга баратат, бирок күндү айланып…”

Габриэль Гарсиа Маркес

Ошентип “Жаңы Ордо” да бир айдан арбыныраак тыныгуудан соң кайрадан чыга баштайт экен. А мен эмнеден баштап жиберсем экен… Улуу Айтматовдун “Жазуучу жазбай жүрсө да, жазып жүрөт” дегенин эстейм. Кубат аке Жусубалиевдин “Мен жазсам эле адамдар оңолуп кетет деп, ойлочумун” дегенин эстейм. Эрнис ава Турсуновдун “Тирүүлүгүңдү билгизиш үчүн да жазып туруш керек” дегенин эстейм. 2008-жылы Караколдо жолуккан 90 жаштагы кайран Турдубек санжырачынын айтып аткан ар бир баянын “Кыска айтам…” деп улам уккулуктуу улаган сүйлөө ыкмасын эстейм. Мен кембагал да соңку кездерде уктаарда “Ээ Улуу Жараткан, аз сүйлөп, кыска жаздыра гөр!” деп дуба эткен жаңы эреже-адат таап алганымды эстейм…

***

Эстеп-эстеп олтуруп эсил кайран Амантур Акматалиев байкебиз айткандай, чоң десең чоң, кыска десең кыска, а балким нускалуу да болуп калаар “Кыргызга “таманы көрүнгөн” ойлордон” деген тема таап алдым. Ооба, муну кезинде арааны жүрүп турган “Асаба” гезит кожоюну Мелис Эшимкановго, “Гезитиңде “Кыргызга төбөсү көрүнгөн…” деген эптитет сөз өтө көп колдонулат, мен “таманы көрүнгөндөр…” жөнүндө жазып келсем, басасыңбы?- десем, “Байке, жакшы тема экен, алып келиңиз!” дегенден бери ортодон чейрек кылым(!) өтүп кетиптир. Мелис баатыр да элүүгө чыкпай өтүп кете берди…

***

Эрнис дегенде дагы бир калемдеш замандашым, ошол Мелис Эшимкановдун иниси Эрнис Асек уулу эске түшөт, эй! Жаркылдаган бала эле. Өңү, көз айнеги, күлкүсү тунук эле. Баягы жылдары кээ-кээде мени издеп келчү. Жолугушуу майрамга айланчу. Ажайып күндөр экен. Китепкөй кишилер, пейилдеш кишилер ошондой болот экен. Темасы — адабият, азил, күлкү экен. Салижан аке ошондой болчу, Мурза аке, Эрнис ава, Алым аке… Азыркылардан Омор ава Султанов, Омор аке Сооронов, Эсенбай аке Нурушев, Бейшебай Усубалиев, Бектуруш Салгамани, Аскар Медетов, Нуралы Капаров, Олжобай Шакир, Темиралы Кунашев… Негедир буларга кездешкенде күлгүм эле келет. Күлөбүз…

***

Бирок, дүнүйөң түшкүр жалаң күлкүдөн болсочу… Жакында 50 жашында жаркылдаган ошол Эрнис өтүп кетти. Угуп эле жазуучулар союзунун катчысы Жылдызга чалсам, “Ат-Башыга алып кетишти, айылына коюшат экен…” деди. Ат-Башы кайда, мен кайда? Аттиң, жылдар өткөн сайын асыл ата конуш менен түшүмдө, кыялымда гана көбүрөөк кездеше турган болуп калдым. Киндик кан таамп, эресеге жеткен Булак конуш, Бороондунун кырынан абай салып турсаң: аяк башынан эки өзөн суулар агып келип, чок ортодогу касиеттүү Чеч-Дөбөнүн тушунан улуу дайра болуп кошулган, ак мөңгү тоолордун алкагындагы алтын өрөөн Ат-Башы, ар жылга коктусунан аркырап аккан суулары, карагай, арча, токою, өйүз-бүйүз жайгашкан айыл-кыштактары, кийик уулаган кароол чокулары, түркүн-түс гүлдөр, адамдар, кайберени… Ачсам да, жумсам да көз алдымда…

***

Түбү-теги таластык ишкер Абдыкадыров Эмил дос менен ханзу ишкер айым экөө биргелешип, бизге аталышы жаңылык “логистикалык борбор” салат экен деп атбашылык жердештерим аяздуу күндөрү дүрбөп атышат. “Эл дүрбөсө…” мен да дүрбөп, каршылыгымды билдирип, эки жолу 5-каналдан саймедиреп жибердим. Айылдардан колдоп-жолдоп чалып аткандар мындан көп. Аларды, дегеле каршы чыккандарды диктатор Сталин айткандай “Ким биз менен болбосо, ал элдин душманы…” деп бийлик ээлери жана байлык ээлери болушунча көөлөп атат, жөөлөп атат. Ошол урматтуу төрөлөргө тикелей мындай деп айткым келет: Силер ойлогондой мен “бир ууч топко”, “бир ууч күчкө” же “0,0 баланча пайыз атбашылык уйгурларга” кирбейм, тийешем да жок. Мен Керимов Дүйшөн, Кыргыз Республикасынын жараны, атбашылык, жазуучу, журналист сөрөй, анча-мынча дүйнөдөн, тарыхтан кабары бар, келечекке ой жүгүртөөр жөндөмү бар пайгамбар жашындагы мусулман инсан катары, акыйкатта улуу ажыдаардай болгон Кытай өлкөсүнүн экономикалык экспанциясы боюнча эл аралык эксперттер кайра-кайра айтып, жазып жаткан “коңгуроосунан” коркконумдан “чырылдап” атам. Кытайдын самандай сапырылган акчасына тез эле оңолуп, гүлдөп кетүүнү самап, айгайлаган айрымдарга айтаарым: өтүп кетээр бийликтен да, байлыктан да асыл — түбөлүктүү Мекен деген түшүнүк бар. Алыскы Алтайга сүрүлгөн бир ууч кыргыздардын арасында төрөлсө да, атасы Жакып бапыраган байлыгын сактап калуу көйгөйүндө чыркырап бөгөсө да, Айкөл Манас атабыз кайран жанын канжыгага байлап, ата конуш Ала-Тоого келген, тикелеген, кыргыздын рух тамырында өчпөс намыс, дөөлөт болуп калган. Андан берилесек, кечээги эле Алымбек Датканын Абдылдабегинин жүрөгүн Акбалбан алыскы Оогандан Алайдын өңүрүнө эмнеге алып келди? Исхак акебиздин сөөгү ондогон жылдардан кийин СССР империя борбору Москвадан казылып, Бишкекке ташылып келип көмүлгөн. Эгемендик алгандан бери эчендеген жаштарыбыз дүйнөгө тентип кетсе да, көзү өткөндөрүнүн сөөгү кайрылып Мекен кыртышына келип атат. Бул аз элдин адат-салты, кыйырдан келаткан кыйшайбас мыйзамы, бакты шорубу?..

***

А эсеби маселен, бизге келип иштеп жүрүшкөн кытай мигранттарынын көзү өткөндөрүнүн сөөгү кайтып кетип атабы? “Кытай козголсо кылым козголот” деген ата-бабабыз. Каргыш тийген коронавирустан улуу коңшубуз менен бирге, бүт дүйнө “солкулдап” турса, өкмөтүбүз баш болуп, депутаты, олигархы бир кытай инвесторуна “адвокат” болуп олтурганы таңгалтат, кыжырыңды келтирет, чоочучат, эй! “Сөөгүмдү, анау белеске койгула!” деп казак Сыпатай баатыр Меркенин чегин кыйла берилеткендей факты окуялар канчалык кайталанса да капарга албаган кыргыздан кагуу жеп, шагы сынган кайран асыл агабыз Дооронбек Садырбаевдин “Маадемектен Каркыра эмес, Көлдү бүт берип жибер!..” деп аргасыз ыйлаганын эстейм…

***

Кайриет, кайра келбес жашоонун көңүл көтөрөөр жаркын ирмемдери да аз эместир. Интернет карап олтурсам, депутат Алтынбек Сулайманов жекшемби күнү Ош базарынан жеке өзү репортаж берип атат. Жадабай көрдүм…

Дүйшөн Керимов

“Жаңы Ордо” гезити

Последние новости