www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалпыга маалымдоо каражаттарында Фарид Ниязов тергөөчүлөрдүн аракетсиздигине нааразы болуп жаткандыгы жөнүндө малымат тараган. КСДПнын маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдиришкендей, тергөө тобунун жетекчисинин жана тергөөчүлөрдүн аракетсиздигинен Фарид Ниязовду коргоо даттануусун сот канаттандырган.
Шектүү Фарид Ниязов менен анын коргоочусун дайындалган экспертизалар жөнүндө токтомдор менен тааныштырбагандыгы, ошондуктан алар Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 172 менен 174-беренелеринде көрсөтүлгөн алардын укуктарын одоно бузгандыгы белгиленген.
Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-август күндөрү массалык башаламандыкты уюштуруу жана барымтага алуу фактылары боюнча кылмыш иши иликтенип жатат.
2019-жылдын 10-август күндөрү Ф.Ниязовго массалык башаламандыкты уюштуруу жана барымтага алуу кылмыштарын жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылып, тергөө тарабынан жогоруда аталган кылмыштарга шектүүлөрдүн бири катары таанылган. Тергөө учурунда шектүү Ф. Ниязов бир нече жолу №1 тергөө абагынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн алынып келинген.
Бирок, ушул жылдын 5-сентябрь күнү, жактоочусу У. Индикеевдин катышуусунда Фарид Ниязов жеке чечиминин негизинде жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-аракеттерине катышуудан баш тартты. Жактоочу өзүнүн жеке колу менен Ф. Ниязовдун тергөө иш-аракетерине катышуусунан баш тарткандыгын каттаган. Ушуга байланыштуу, тергөөнүн аны дайындалган экспертизалар жана анын корутундусу менен таныштырууга мүмкүнчүлүгү болгон жок.
Ички иштер министрлиги белгилеп кетет, тергөө кызматы бүгүнкү күнгө чейин шектүү Ф.Ниязовго тиешелүү бардык кылмыш иштердин материалдары менен танышуусуна тоскоолдук кылган эмес жана тоскоолдук кылбайт, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNewsa.kg