www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр кичинекей бөбөктөрдүн кийген кийиминен баштап, ойногон оюнчугуна чейин өзгөргөн. Биз кичинекей кезибизде чийден куурчак жасап, бетине топчудан коюп, ага оролгон ак болотнайга сайма менен бет мүчөлөрүн түшүрөөр элек. Ал эми азыркы балдардын оюнчуктары тири шумдук, кытайлар бизди жыргатпадыбы. Эми биздин бала кезибизде деле оюнчуктар болгон да, бирок эл арасында азыркыдай көп тарабаса керек. Эсимде кичинекей кезибизде кошунанын кыздарды чогулуп алып, чий куурчак жасап ойночубуз. Аларга түрлөп көйнөк кийгизип, деги эле тажачу эмеспиз. Биздин бул оюнубузду дайыма эле чоң энем буза берчү эле. "Чий куурчак деген шайтан болот, экинчи ойнобогула" деп жыйып койчу. Кээде оюндан чарчап ошол жерге кыйшайып уктап калар элек. Анда чоң энем дайыма жыйнап, чачылган боюнча эч качан таштачу эмес. Кичине эс тартып, сөздүн кадырына жетип калганда, чоң энем бир окуяны айтып берди. "Мындан бир аз жыл мурун айылдан четкерээк жайгашкан үйдө чоң ата, чоң эне эки небереси менен жашачу. Эки небереси да силерге окшоп чийден куурчак жасап, "койгула" десе болбой дайыма шайтан менен ойношчу экен. Күндө неберелери куурчак ойноп бүткөндө чоң энеси жыйыштырып коюп жатчу. Чоң эне бир күнү жыйнабай уктап калат.
Түн ортосу кайсы убак экенин ким билсин, бир кезде жүрөгү башкача согуп тынчтык бербегенинен турууга обдулуп көзүн ачса, терезеден айдын шооласы түшүп турган экен. Ал жарыкта небересинин куурчагы чимирилип бийлеп жатат. Ансыз да өзүн жаман сезип турган эненин жүрөгү жарылып, жарык менен кош айтышат. Ошол үчүн чий куурчак менен экинчи ойнобой жүргүлө", - деген чоң энемдин сөзүнөн кийин куурчактарыбызды сындырып, отко жагып жоготконбуз. Ал окуяны айтып берип жатканда да караңгы болчу, башкача түр менен да айткан. Ал сөздөр мага ушунчалык таасир берген экен. Курбуларым же кошунанын кыздары ойноп жатса да, "бул шайтан, ойнобогула" деп дайыма чыр чыгарып жатып калар элем.
Ал эми азыркы тим эле жутуп жиберчүдөй супсулуу кылып жасаган кытайлардын "Барби, Синди" деген куурчактары чий куурчактай адам өмүрүн кыйбаса да, өздөрүнүн келишимдүү келбети, кийген кийими менен жаш кыздардын психикасын башка нукка бурат экен. Башкача айтканда, кичинекей кыз "мен дагы ушул куурчактай гана болушум керек, ушундай кийинишим керек" деген ой менен сойкулукка болгон алгачкы көз караштары да, ушул келишимдүу куурчактардын айынан болорун далилдешкен.
Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ