www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык 78 окуучу (7-11-класстар) геометрия сабагы боюнча Ирандын 6-дистанттык олимпиадасына катышып, жыйынтыгында эки окуучубуз эки медалга татышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Олимпиадада Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин окуучусу Барчынбек уулу Сыймык коло, Ош шаарынын “Сема” лицейинин окуучу Адиль Абдирасулов күмүш медалды жеңиш алышты. Эки окуучу тең 11-класстар үчүн олимпиаданын татаал вариантынан өтүшкөн.
“Келечек”, “Газпром”, “Сапаттын” жана Бишкектеги №61-мектептин 7-8-класстарынын окуучулары жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып, 4-даражадагы грамоталарды алышты.
Геометрия боюнча Иран олимпиадасы 6-жолу өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 мамлекетинен 6200 окуучу катышкан.
Олимпиаданын 50 тапшырмасы Россия, Польша, Улуу Британия, Вьетнам, Голландия, Македония, Косово жана Ирландиядагы авторлор тарабынан даярдалган.
Булак: NazarNews.kg