www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мал тоодон жаңы эле түшкөн, күздүн акыркы күндөрү эле. Айлана бопбоз, топурак сапырылат, күндүн илеби да кайта элек болчу. Бир күнү талаага чыгып кеткен уйлардын баары келип эле бир торпок жок. Айылда мал менен күн өткөзгөндүктөн малдан башка карманар эч нерсебиз жок. Кеч курун торлокту издеп чыктым. Айылдын четиндеги эле токойго кирип кетчү эле деп колума шыргыйды көтөрө жөө бет алдым. Токойдогу "шырп" деген үнгө бет альт кете берип айылдан аябай алыстап кетиптирмин. Күн да батып, караңгы кирип баратты. Эртең менен эле чакчайып тийген күндүн ырайы бузулуп, асманды кара булут чулгай баштады.
Жаныма бирөөнү ээрчитип, же атты минип албай деп айылга шашыла бет алдым. Айыл тээ алыста, араң, гана көрүнүп калган. Күүгүм кирип, асман түнөргөндө эч нерсе көрүнбөй айлананы көзгө сайса көрүнгүс караңгылык курчап алды. Айлам кетип бул дүйнөдө каңгырап өзүм жалгыз калгандай эле болдум. Бир убакта күмбөздөрдүн жанына жетип калганымды байкадым, эмнегедир коркуу сезими жок, шашпай олтуруп арбактарга багыштап куран окуп, бир аз басканда эле жамгыр нөшөрлөп жаай баштады. Эмне кыларымды билбей айлам кетти. Үйдү тапкыдай эмесмин, жамгыр болсо көз ачырбай төгө баштады. Ошондо улуулардан уккан кептер эсиме түштү.
"Кеч калсаңар талаага түнөбөй, күмбөздөргө кирип жаткыла, эч коркпой" деп айтып калышчу. Мен да келме келтирип бир күмбөздүн ичине кирип жатууга камынып калдым. Кандай уктаганымды билбейм, өзүмдү жеңил сезип ойгонсом, эшикте күн чыгып калыптыр. Кой эми үйгө кетейин ат менен издебесем деп айылга кетип бара жатып, түндөгү көргөн түшүмдү эстедим. Мен уйкуга кирээрим менен кобур-собур үн чыгып бир киши экинчи кишиге сүйлөп жатты. "Мен үйүмө конок келип калыптыр берчү эмнең бар" деп андан тамак-аш сурап жаткандай болду. Ал киши бир топ сөз айтып анан, коногуңа айтып койчу, эртең менен үйүмдөгүлөр куран окутуп эки чоң челекке жуурат алып төөгө артып келет, ошону элге берип, куран окубасын, себеби ал тамакка ит башын малып койгон. Мына ушундай үндөр чыгып жаткан, кайсы убакта уктаганымды билбейм.
Ойлонуп бара жатсам төөгө эки чон, челек артып бир топ киши келе жатат. Эмне десем, айтпай койсом болбос деп улуусу менен учурашып, болгон ишти айтып берсем, чын эле чоң челектерде жуурат бар экен. Жолдун четине чуңкур каза коюп ошого жуураттын баарын төгүп, калган ашы менен куран окутканга мүрзөнү көздөй бет алышты.
Ошондон кийин башкаларга да айта берем, талаага жаткыча куран окуп күмбөздүн ичине жаткыла деп.
Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ