www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин алдындагы диний саясат жана улуттар биримдигин чыңдоо боюнча кеңештин эксперти Денис Бердаков соцтармактагы өзүнүн баракчасына Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү сунушталганын, бирок ал орун 350 000 $ болоорун ачык айтып чыкты. Бул сумма болгондо да жаштар үчүн квота, медиа өкүлү катары жеңилдик болуп ылдыйлап (скидка) айтылганы экен. Бирок, Бердаков кайсы партия же партия өкүлү депутаттык орун сунуштаганын жазган эмес.

«Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо. Мага депутаттык орун сунушташты, бирок ал кымбат турат экен – ал орунга барышым үчүн партиянын кассасына 350 миң доллар төгүшүм керек экен. Алардын айтымында, бул сумма болгондо да жаштар үчүн квота, медиа өкүлү катары жеңилдик болуп ылдыйлап (скидка) айтылганы экен. Мен буга чейин парламентке барууну пландаган эмес элем, ырас, иш ушундай болсо, нары менде экологиялык, антикоррупциялык мыйзамдардын кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп жаткан соң Фейсбуктан сураганга даярмын: кайсы бай адамдан 350 миң $ алсам болот?” – деп суроо салат эксперт.

Денис Бердаков аны менен бирге депутаттардын орточо айлыктарын санап, тиги 350 миң $ акталбайт го деген кыязда пикирин кошумчалаган.

Анын эсебинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын орточо айлыгы болжол менен 1500$. Беш жылдыкын эсептегенде 90 миң $ болот.

Мм, ошондо 350 миңдин калганы не болот, кайдан өндүрөт? Же...

Булак: NazarNews.kg

 

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости