www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Ички коопсуздук аскер кызматынын 718 аскер бөлүгү куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрүнүн арасында өткөн #Улуу Жеңиш 75 Великая Победа  эстафетасына катышты. Бул тууралуу Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Быйыл, биз Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 75-жылдыгын белгилеп жатабыз.

Бул жалпы Кыргызстандын калкы үчүн эн улуу майрам экендиги талашсыз.

Быйыл бул ыйык майрамды белгилеп жатып биз бул улуу майрамдын нацизмдин үстүнѳн жетишилген эң ыйык майрам экендигин түшүнѳбүз жана биздин аталарыбыз менен чон аталарыбыз фашизмдин кара күчтѳрүн жеңүүгѳ жана аны тамырынан жок кылууга кошкон салымдары үчүн чын жүрѳгүбүздѳн сыймыктанабыз. Бул улуу майрамдын мезгилдер ѳткѳн сайын улам аарылап убакыттын каттамына оролуп бизден алыстап жатканына карабай ал биздин Ата-Мекенибиз үчүн  баа жеткис тарыхый  маанилүү, эч нерсеге алмаштыргыс окуя экендигин түшүнѳбүз.

Бүгүнкү күндѳ ѳлкѳбүздѳ бул  майрамды алып берген баатырлардын азайып бараткандыгы ѳкүнүчтүү. Биз кийинки муундар Улуу согуштун баатырларына өмүр бою таазим этүүгө милдеттүүбүз. Азыркы кезде жаштар адам каны суудай аккан кыргын согушта курман болгондорду дайыма эстеп, алардын эрдигине баш уруубуз керек.

Ушул салтанаттуу майрамды тосууга Ички коопсуздук аскер кызматынын 718 аскер бөлүгү #УЛУУЖЕҢИШ 75 ВЕЛИКАЯ ПОБЕДА -жылдыгына активдүү катышышты жана бардык ардагерлерге чың ден-соолук, узак өмүр каалайт.

Биздин баардык мекендештерибизге ачык асман, бакыт таалай жана жарык маанай менен үй-бүлѳңѳргѳ ынтымак-ырашкелдик каалайбыз.

Жакындарыңыздарды, уул кыздарыңыздарды сактаңыздар. Улуу Жеңиш күңүңүздөр менен куттуктайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости