www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги №1 СИЗОдо кызматкерлердин бири коронавирустук инфекция жуктуруп алды делип ЖМКда жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт, - деп билдирет Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, “Кактус медиа” сайтында №1 СИЗОдо кызматкерлердин бири коронавирустук инфекция жуктурган деген маалымат чыккан.

"Өкмөттүн ыкчам штабынын 8-апрелдеги "Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө" буйругунун негизинде, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте 4-майда COVID-19 илдетин эрте аныктоо максатында Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда ыкчам текшерүү жүргүзүп, кызматкерлердин бири вируска шектүү экендиги аныкталды. Бирок, 5-майда кайрадан алынган ПЦР анализдин жыйынтыгы трес болуп чыккан. Ошого карабай, кызматкер менен байланышкан адамдардан жана №1 СИЗОнун бардык кызматкерлеринен, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн анализдер алынган, жыйынтыгы терс болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

ЖАМКтын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, коронавируска шектелген кызматкер медициналык көзөмөл астында өзүнчө изоляцияда кармалууда. Планга ылайык, бүгүн, 7-майда Бишкектеги №47 мекеменин кызматкерлери коронавируска текшерүүдөн өтүүдө.

Эске кетсек, Кыргызстанда 7-майга карата коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталып, жалпы коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ке жетти. Алардын ичинен 637 адам илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми оорунун кесепетинен 12 адам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости