www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.

2020-жылдын 19-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматынан Р.И. аттуу жаран кайрылып, ал майда бейбаштык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштөгү маселени оң жагынан чечип берем деп 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткан Бишкек шаарынын Биринчимай РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнө    карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде катталган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери  тарабынан пара талап кылууга шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 

2020-жылдын 24-февраль күнү жүргүзүлгөн ыкчмам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында №3 балдар ооруканасынын аймагынан 7000 сом акча каражатын алуу учурунда Биринчимай РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү С.С. менен А.А. аттуулар кармалды. Иликтөөнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги колу таза эмес коррупцияга аралашкан  милиционерлерди аныктоо боюнча иштерди улантууда. Азыркы учурда ИИОнун өзүнчө кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча иштерди улантып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости