www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын алтын камтылган аралашманы четке чыгарып жаткан «Vertex Gold Company» компаниясы 2016-жылы 79 млн сом, 2017-жылы 149 млн сом, 2018-жылы 107 млн сом, 2019-жылы 284 млн сом салык төлөгөн, салыктын өсүшүн негизинен роялти түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Депутат Руслан Казакбаев алтын аралашмалары Кыргызстандын өзүндө гана кайра иштетилиши керек экенин баса белгиледи. «Өкмөт, ага караштуу органдар ушул багытта аракет жасашы зарыл. Алтын аралашмаларын чет өлкөлөргө чыгарып жаткан компаниялардын салыктык төлөмдөрү жаатындагы материалдардын баарын топтоп, талдоолорду жүргүзүп туруу керек», - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg