www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетте президенттин атынан жасалма (фейк) видеолор таралууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, заманбап технологиялардын жардамы менен алдамчылар белгилүү адамдардын, анын ичинде президенттин атынан жасалма видео кайрылууларды таратышы мүмкүн. Мындай видеоматериалдар жасалма интеллекттин (deepfake) жардамы менен даярдалат.
«Алардын негизги максаты — жарандарды адаштыруу, ишенимине кирүү жана акча каражаттарын которууга же жеке маалыматтарын берүүгө түртүү. Эсиңизде болсун: белгисиз жана ишенимсиз булактардагы видеолорго ишенбеңиз; маалыматты мамлекеттик органдардын расмий булактарынан гана текшериңиз; шектүү шилтемелерге өтпөңүз; интернеттеги видео кайрылууларга таянып акча которбоңуз жана жеке маалыматтарыңызды бербеңиз», — дейт ИИМ.