www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын июль айында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Instagram социалдык тармагындагы «kendir_too» баракчасы аркылуу курамында каннабис өсүмдүгүнүн компоненттери бар продукцияларды жарнамалап, сатуу менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Аталган жарандар башкарган «М» дүкөнүн тинтүү учурунда курамында каннабис компоненттери бар чай, ун, май, спрей жана витамин капсулалары табылып, алынган. Алынган продукциялар экспертизага жөнөтүлгөн.
Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын 2026-жылдын 6-августундагы корутундусуна ылайык, экспертизага берилген заттардын курамында каннабис саманынын концентраты (марихуана) бар экени аныкталган.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Министрлер кабинетинин №152 токтому менен бекитилген баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмесине ылайык, каннабис саманынын концентраты (марихуана) өлкө аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган баңгизат каражатына кирет.
ИИМ жарандарды ишкердикти баштоодон мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана укуктук талаптары менен кылдат таанышып, аларды так сактоого чакырды.