www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген аймактарда коронавирус жугуштуу илдетин алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүшү улантылууда. Милиция кызматкерлери райондо жайгашкан баардык айыл аймактарын кыдырып санитардык-гигиеналык коопсуздукту сактоо боюнча эрежелерин маалымдап түшүндүрүү чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
“Өзгөчө кырдаал” убагында Ош облусунун Кара-Кулжа райондук ИИБнин кызматкерлери коронавирустук жугуштуу илдетин жайылышын алдын алуу жана токтотуу багытында зарыл болгон чараларды көрүүдө. Өздүк курам коомдук укук тартипти касыздоого толугу менен күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.
Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында жана Кашка-Жол айыл-өкмөтүнүн аймагында санитардык-карантиндик посттор орнотулуп, анда күнү-түнү милиция кызматкерлери, райондук ӨКМ, медициналык кызматчылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызмат өтөшүүдө. Баардык кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар, медициналык бет каптар, атайын кийимдер жана атайын көз айнектер менен камсыздалган. Милиция кызматкерлерине кызматка чыгуу алдында эртең мененки нускама бөлүштүрүүдө жугуштуу илдеттерден жеке коргонуу эрежелерин сактоосу тууралуу жеткирилип турат, мындан тышкары ар биринде антисептик дайыма жанында болушу текшерилип, имараттын ичине кирүү алдында денесинин температурусын текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин гана кызматка жиберилет. Маанилүү талаптардын бири болуп, кызматкерлердин мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоосу болуп саналат.
Райондун борборунда коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында жөө жана унаа менен кайгулдоо уюштурулууда. Жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, зарыл учурда гана көчөлөргө чыгышы, топтошуп чогулбоосу, бири-бирине болгон аралыкта сактоосу, бет капсыз көчөгө чыкпоосу сунушталууда, мындан тышкары “өзгөчө кырдаал” режиминин талаптарын сактоосун эскертүүдө.
Ошондой эле, Кара-Кулжа районун башка айыл-аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен 19 айылдын ичинде жергиликтүү тургундардан куралган 80ден ашуун фильтрациондук посттор орнотулду. Милиция кызматкерлери тарабынан кайтарыла турган, обсервациялык пункт алдын ала даярдалды.
Булак: NazarNews.kg