www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-мартка караган түнү Кыргызстандын аймагында коменданттык сааттын талабын бузган 155 адам кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын ичинен:

• Бишкек шаары боюнча - 137,
• Ош шаары боюнча - 5, 
• Жалал-Абад шаары- 9, 
• Кара-Суу районунда- 4 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди.

Ал эми Ноокат жана Сузак райондорунда коменданттык сааттын  талаптарын бузгандар катталган жок.

Белгилей кетсек, жалпысынан алганда алты күндүн ичинде өлкө аймагында 1242 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды.

ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери жок болсо үйдө калууларын суранат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости