www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирус эпидемиясынан жабыркагандар 784 миң 314тү түздү. Анын 165 миң 228 бейтабы дарыланып, ооруканадан чыгарылса, 37 миң 638и каза болгон.

Коронавирус эпидемиясы жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. АКШда жалпы 163 миң 429 адам вирус менен алышууда. 5764 адам бул вирустан айыкса, 3008 адам каза тапты.

Белгилей кетсек, Италияда бир суткада 4050 адам вирус жуктуруп, ооругандардын жалпы саны 101 миң 739га жеткен. 14 миң 620 адам айыгып, ооруканадан чыгарылса, 11 миң 591 адам көз жумган.

Дүйнө жүзүндө вирус жуктургандардын саны боюнча Кытайдан Испания ашып өттү. Испанияда учурда 87 миң 956 адам вирус менен алышууда. 16 миң 780 адам дарттан айыгып, 7716 адам каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости