www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Коомду дүрбөлөңгө салбагыла

Акыркы мезгилде WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген билдирүүлөр көбөйдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Ар кандай маалыматтарды текшерүү зарыл. Коомду дүрбөлөңгө салбоону өтүнөбүз. Жалган маалыматтын жайылышын алдын алуу маанилүү.

Биз жарандарды жалган жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырабыз.

Ички иштер министрлиги кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскертет.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билбөө жарандарды кылмыш
жоопкерчилигинен бошотпойт», - деп айтылат маалыматта.

344-берене. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган билдирүү жасоо

1. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү, -

III категориядагы түзөтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун:

1) оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген айыптоо менен жасалганда:

2) айыптоонун далилдерин жасалма түзүү менен коштолгондо;

3) пайда табуу ниетинде жасалганда;

4) уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун кызыкчылыктарында жасалганда

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости